ИИМ: "9 ай ичинде кайырчылык кылган 139 өспүрүм аныкталды"

2020-жылдын 9 ай ичинде жашы жете электердин арасында кылмыштуулукту жана укук бузууларды алдын алуу максатында 6 миң 644 иш-чара уюштурулду. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө ИИМ башка мамлекеттик органдар менен биргеликте балдардын кароосуз калууларын, жашы жете электердин укук бузууларын алдын алуу, укуктарын коргоо боюнча иштер аткарылып, ыкчам алдын алуу жана рейддик иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

9 ай ичинде ИИМдин жашы жете электер менен иштөө бөлүмдөрү 736 рейддик иш-чараларды өткөрүшкөн. Алар “Өспүрүм”, “Кароосуз”, “Камкордук”, “Кайрадан мектепке”, “Антирэкет”, “Лидер” аттуу иш-чаралар болот. Рейд учурунда 3 миң 328 жашы жете электер аныкталып, алардын ичинен 423 көчөлөрдө жашап жүргөндөр, 139 кайырчылык кылгандар, 11 спирт ичимдигин колдонгондор аныкталган.

Аныкталган фактылар боюнча тиешелүү маалыматтар социалдык коргоо жана башка мамлекеттик органдарга жөнөтүлүүдө. Зомбулук, балдарга карата орой мамиле кылуу фактыларын болтурбоо, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча бирдиктүү иш-чаралар жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан