Орусияда карантиндик чаралар күчөтүлөт

Орусияда карантиндик чаралар күчөтүлөт. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Орусиянын башкы мамлекеттик санитардык дарыгери жарандарга эл көп топтолгон жерлерде, коомдук транспортто, таксилерде жана лифттерде бет кап тагынып жүрүүгө буйрук берди. Тиешелүү буйрук 28-октябрда күчүнө кирет.
Адамдардын массалык туруучу жери калктуу конуштарда жана шаардык округдарда 50дөн ашык адамдын чогулуусуна, ошондой эле көңүл ачуучу жайларда, иш-чараларга жана кафенин саат 23:00дөн 06:00гө чейин иштөөсүнө тыюу салынат. Транспортто, таксилерде, дүкөндөрдө, ресторандарда жана театрларда дезинфекциялоо режими күчөтүлүшү керек. Роспотребнадзор түнкү клубдарды жабуу боюнча чечим аймактар тарабынан кабыл алынат деп тактады. Ал эми бет кап тагынуу режими сөзсүз керек деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Soke-covid19
2020-10-28 13:01:10
Качан токтойт экен бул балээ
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан