Бишкек мэриясынын алдына чогулгандар петицияга кол топтоп башташты

Бүгүн, 28-октябрда Бишкек мэриясынын алдында кайрадан митинг өтүүдө. Анда чогулгандар жумуштан бошотулган вице-мэрлер Виктория Мозгачева менен Алымбек Абдылдаевдин кайрадан кызмат ордуна бекитилишин талап кылышууда.

Мэриянын алдына чогулгандар "Бишкек жарык" жана "Бишкек жылуулук энерго" ишканасынын кызматкерлери экени белгилүү болду. Митингдин жүрүшүндө жаштардан уюшулган топ петицияга кол топтоп башташты.

Алар эки вице-мэрдин кызмат ордуна кайтып келишин талап кылган петицияга кол топтоп жатышканын билдиришти.

Эске салсак, бүгүн, 27-октябрда Бишкек шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруучу болуп, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев дайындалган. Түлөбаев мэриянын жамаатына тааныштырылгандан кийин жалпыга маалымдоо каражаттарында "Түлөбаев өз ишин эки вице-мэрди жумуштан алуудан баштады" деген маалымат тараган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Scorpion_09
2020-10-28 13:06:02
Эркекче жаман тажаттынар ,мля
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан