25-октябрда "Эмгек резерви" республикалык дене тарбия жана спорт борборунун директорунун орун басары Жайнакбек Нарбеков жол кырсыгына кабылып каза болду. Маалыматты SUPER.KG порталына "Эмгек резерви" республикалык дене тарбия жана спорт борборунун 2014-2020-жылдагы жетекчиси, дүйнөнүн ММА боюнча чемпиону Улан Эралиев тастыктады.
"Жайнакбек досунун инисине өкүл ата болуп, Ак-Талаага тойго барып келе жатып жол кырсыгына кабылып каза болду. Унааны башкарып келе жаткан айдоочу уктап кеткен экен. Жайнакбек "Эмгек резервинде" жөнөкөй жумушчудан баштап, директордун орун басарлыгына чейин жеткен. Учурда анын келинчеги дагы оор абалда ооруканада жатат", - деди Эралиев.
Жайнакбек Нарбеков 1989-жылы 3-октябрда төрөлгөн. Ал самбо, дзюдо, кыргыз күрөшү боюнча спорт чебери, самбо, казак күрөшү боюнча эл аралык даражадагы калыс, самбо жана дзюдо боюнча машыктыруучу болгон. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу комитетинин мүчөсү болчу. Өкмөттүн ыраазычылык каттары жана башка көптөгөн сыйлыктар менен сыйланган.
Жайнакбек Нарбековдун артында үч баласы калды.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Жайнакбек Нарбековдун мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.