Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун кол койгон жарлыгына ылайык, 27-октябрда эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров ээлеген кызматынан бошотулган.
Ал эми 29-октябрда мурунку министр социалдык тармактагы баракчасы аркылуу элге кайрылуу жасады. Айтымында, ал арызы менен кызматтан кеткени тууралуу эл сыяктуу эле маалымат булактарынан билген.
“Мен арызым менен кызматтан кеткендигим тууралуу сиздер сыяктуу эле интернеттен билдим, бирок бул трагедия эмес, мени ойлондурганы Кыргыз өлкөсүнүн азыркы абалы", - дейт ал.
Буга чейин Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы мурунку элчиси Аликбек Жекшенкулов кызматтан алынгандыгы тууралуу социалдык тармактардан билип, окуяны таң калуу менен кабыл алганы маалымдалган.