Бир сутка ичинде өлкө боюнча 7 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Бишкек шаары – 3;
Жалал-Абад облусунда – 1;
Баткен облусунда – 2;
Ысык-Көл облусунда – 1;
Ал эми бир суткада стационардан 2, үй карантининен 5 медкызматкер чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3612, алардын ичинен 3316 медкызматкер сакайды.