Тажикстанда Эмомали Рахмондун президенттик кызматка киришүү анты өттү

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун кызматка киришүү анты (иннаугурациясы) өттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жергиликтүү маалымат булактарына таянуу менен жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, иннаугурация аземи президенттин резиденциясында өткөн. Анда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Бахтиер Худоерзода өлкө башчысына президенттик күбөлүк тапшырган.

Ал эми Тажикстан Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Абдулхафиз Ашурзода Рахмонго президенттик бийликтин символу Тажикстан президентинин белгисин тапшырды.

Тажикстанда 11-октябрь күнү президенттик шайлоо өткөн. Анда шайлоочулардын 90 пайыз добушун алган Эмомали Рахмон кайрадан өлкө башчылыкка келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан