Баткенде РИИБдин бөлүмдөрүнө милициянын көчмө кабылдамалары орнотулду

Баткен облусуна караштуу Кадамжай, Баткен, Лейлек райондук ички иштер бөлүмдөрүнө жана Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнө милициянын көчмө кабылдамалары орнотулду. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, аталган жерлерге орнотулган көчмө кабылдаманын милдети милицияны эл менен жакындатуу жана район, шаардын алыскы аймактарына атайын түзүлгөн графиктин негизинде үзгүлтүксүз алыскы айыл жерлерине чыгуу менен элдин арыздарын, сунуштарын кабыл алуудагы көйгөйлөр жаралбашы үчүн орнотулган.

"Ушул жылдын 9 ай аралыгында 396 жолу алыскы айыл-кыштактарга чыгып, жалпысынан 425 атуулду кабыл алышкан. Анын ичинен 165 жаран ар кандай мазмундагы арыз-даттануу менен кайрылган. 265 коопсуздук боюнча кайрылуу жасашып, маселелер жеринде чечилген. Мындан сырткары пандемия маалында жер-жерлердеги алыскы аймактардагы жашаган элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө да көчмө кабылдамалардын жардамы болгон", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан