"Манас" эл аралык аэропортунун төрагасы өлкө аймагында иш алып барган авиакомпаниялардын өкүлдөрү менен жолукту

Бүгүн, 30-октябрда "Манас" эл аралык аэропортунун төрагасы Бактыбек Сыдыков өлкө аймагында иш алып барган авиакомпаниялардын өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматынан билдиришти.

Жолугушууга 13 авиакомпаниянын өкүлдөрү келишкени айтылат.

"Жолугушуунун жүрүшүндө 2020-2021-жылдын күз-кыш мезгилине карата бир катар маселелер жана COVID-19дун жайылышын алдын алуу максатында санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди сактоону күчөтүү боюнча маселелер талкууланды. Бактыбек Сыдыков COVID-19 өлкөдө жайылуусуна жол бербөө боюнча чаралары толук кандуу сакталышы керектигин белгиледи.

Аэровокзалда медициналык кароону жүзөгө ашыруу, жүргүнчүлөрдүн арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин, аэровокзалда жүргүнчүлөрдү термометрия менен текшерүү, транзиттик жүргүнчүлөрдү тейлөө иштерин жүргүзүү боюнча маселелер каралды. Ошондой эле өз ара кызматташууну жакшыртуу максатында өндүрүш маселелери талкууланды", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан