Бишкек шаарынын Жал кичи районундагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборундагы төрөт үйүндө 21 жаштагы келин 3 эм төрөдү. Бул тууралуу жергиликтүү басылмаларга кош бойлуу аялдардын патология бөлүмүнүн башчысы Руслан Айгадаров билдирген.
Айгадаровдун айтымында, 21 жаштагы келин 2 килограмм 20 грамм, 2 килограмм 300 грамм жана 2 килограмм 500 грамм салмактагы үч эм эркек балдарды жарык дүйнөгө алып келген.
"6-октябрда Нарын аймактык ооруканасынан 1999-жылы туулган келин келип түшкөн. Нарында ага кош бойлуулуктун 31-32 жумасы, оор преэклампсия диагнозу коюлган. Дарыгерлер кеңешип, кош бойлуулукту 35 жумалык кош бойлуулук мезгилине чейин узартууну чечишти. Үч жумадан кийин, тагыраагы, 29-октябрда операциядан кийин саат 11: 20да убагынан эрте төрөлгөн 3 ымыркай жарык дүйнөгө келди. Преэкслампсия кош бойлуулуктун эң оор татаалдашууларынын бири экендигин белгилегим келет", - деген Айгадаров.
Азыркы учурда ымыркайлардын абалы жакшы жана алар жандандыруу бөлүмүндө жатышат. Ал эми 21 жаштагы келиндин дагы абалы туруктуу деп бааланып, дарыгерлердин көзөмөлүндө жандандыруу бөлүмүндө жатканы белгилүү болду.