Курткасын, телефонун тартып алган. Милициянын кайгуул кызматы тоноого шектүү жаранды кармады

Милициянын кайгуул кызматы тоноого шектүү жаранды кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

2-ноябрь күнү болжол менен саат 06:00 чамасында Бишкек ШИИББинин 102 кызматына “Мадина” базарынан тоноп кетти деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1986-жылы туулган А.С. аттуу жаран арыз менен кайрылган.

Анда ошол эле күнү болжол менен саат 05:50 чамасында “Мадина” базарынын жанынан белгисиз бала арыз ээсине күч колдонуп, үстүндөгү кийип жүргөн курткасын жана чөнтөк телефонун, ошондой эле 1800 сом өлчөмүндөгү акчасын ачык түрдө тоноп кеткен. Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган С.А. аттуу жаранды кармап, Свердлов РИИБинин тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан