Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев кызы Ай-Данек Текебаеваны турмушка узатканы буга чейин кабарланган. Бүгүн, 2-ноябрда Өмүрбек Текебаевдин жубайы Айгүл Текебаева социалдык тармактагы баракчасына тун кызын турмушка узатканын айтып, бактылуу көз ирмем учурундагы сүрөттөр менен бөлүштү.
"Ата-эненин милдети - балдарды чоңойтуп, тарбиялап, андан соң аларды өз алдынча турмуш жолуна салуу. Тунубузду узатып, кайната, кайнене статусуна ээ болдук. Биринчи жолу куда-кудагый күтүп, өзгөчө кубанычта болдук, жакшылыгыбызга ортоктош болуп, кубанычыбызды бөлүшкөн, бизге каалоо-тилек арнаган бардык жакындарга, туугандарга, досторго терең ыраазычылык билдиребиз. Баарыңыздар кыз узатып, келин алыңыздар! Заманыбыз тынч болуп, ар дайым тойлор болсун", - деп жазды Текебаева.