Бүгүн, 3-ноябрда Бишкек шаарындагы Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик комитетинин алдында 30 дай адам митингге чыккан. Мындай маалымат телеграмм каналдарынын бирине жарыяланды.
Маалыматка ылайык, митингге чыккандар колдоруна "Коррупциясыз спорт" деген жазуусу бар плакаттарды көтөрүп алышкан. Алар спорт мектебинин директорун кызматтан кетирүүнү талап кылышууда.