Талас облусундагы Кара-Буура районунда эки автоунаа сүзүштү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсыктан 4 адам жаракат алган.
"Такталган маалымат боюнча, кечээ 3-ноябрда Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 60-чакырымында, тактап айтканда Бейшеке айылында Ауди С4 менен Ф-Гольф 3 унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Натыйжада 4 адам жаракат алышкан. Жерине Кара-Буура райондук куткаруу кызматынан 2 куткаруучу тартылып, унаадан жабыркагандарды чыгарышып "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен", - деп билдирди өзгөчө кырдаалдар министрлигинен.
Учурда жаракат алган жарандардын аты-жөнү такталууда.