Словениянын премьер-министри шайлоонун жыйынтыгы чыга электигине карабай Дональд Трампты жеңиши менен куттуктады

Словениянын премьер-министри Янез Янша АКШдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгы али белгисиз экендигине карабастан АКШнын президенти Дональд Трампты кайрадан мамлекет башчысы болуп шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу Янша өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазган.

"Америка эли Дональд Трампты төрт жылга шайлагандыгы айдан ачык. Маалымат каражаттары фактыларды кечиктирип чыгарып жатат. Бул күчтүү жыйынтык менен АКШдагы республикачыларды дагы жеңиши менен куттуктайм", - деп жазган Янша.

Учурда штаттардагы добуштарды эсептөө ар кандай убакытты талап кылып, добуштар почта аркылуу жыйынтыкталып жаткандыгына байланыштуу шайлоонун жыйынтыгы чыга элек.

Президенттик шайлоого эки талапкер ат салышууда. Алар: 74 жаштагы учурдагы АКШ лидери Дональд Трамп жана 77 жаштагы мурдагы вице-президент Жо Байден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан