Жо Байдендин штабы президенттик шайлоодо жеңишке жетерине ишенерин билдиришти

Жо Байдендин штабы президенттик шайлоодо жеңишке жетерине ишенерин билдиришти. Бул тууралуу штабдын менеджери Жен Диллон билдиргенин дүйнөлүк басылмалар жазышууда.

"Эң негизгиси Жо Байден бул шайлоодо жеңишке жетип, АКШнын президенти болоруна ишенем" деген ал онлайн маалымат жыйында.

Акыркы маалыматтар боюнча, президент Трамп шайлоочулар коллегиясынын 213, анын атаандашы, мурдагы вице-президент Жо Байден 238 добушка ээ болуп, толук жыйынтык чыга элек.

Президенттик шайлоого эки талапкер ат салышууда.

Алар 74 жаштагы учурдагы АКШ лидери Дональд Трамп жана 77 жаштагы мурдагы вице-президент Жо Байден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
al-abu-kinesz
2020-11-04 23:57:48
Ааа кысталак, биздин чалдар ушулардан кем калбай аткан турбайбы
0
Arinova
2020-11-05 09:54:12
Ушундай калкы көп АКШда эки эле адам ат салышып жататабы ошондо.
0
Chungyz
2020-11-06 10:00:15
Жакшыбы жаманбы Трамп жакшы иштеди америкалыктар учун айткандарын 60 пайызы аткарылды окшойт курук создон иштерин корсотту
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан