Эламан Жунусовдун ата-энеси табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Социалдык тармактардын колдонуучуларына жана журналисттерге рахмат, Эламан Жунусовдун туугандарын жана жакындарын издөө тууралуу маалымат жарыялангандан кийин апасы байланышка чыккан. Ага чейин апасы көп убакытка чейин уулун таппай жүргөнүн айтып милицияга кайрылган. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө жана бардык жарандарга Эламандын туугандарын жана жакындарын табууга натыйжалуу жардам көрсөткөндүгү үчүн чоң рахмат", - деп айтылат маалыматта.