Еревандагы митингчилер Пашинянга ультиматум койду

Еревандагы митингчилер Баку менен тынчтык келишимине кол койгон Армениянын премьер-министри Никол Пашинянга ультиматум койду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

"Биз Пашинянга отставкага кетүүгө убакыт беребиз. Ошол эле учурда, ушул эле маселе боюнча парламентти кезексиз сессияга чогулууну талап кылабыз", - деген митингге чыккандар.

Маалыматка ылайык, парламенттин кезексиз жыйынын өткөрүү үчүн 33, ал эми кворумду камсыз кылуу үчүн 67 депутаттын колун топтоо керек.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян буга чейин кабыл алынган келишим ал үчүн өтө оор чечим болгонун белгиледи. Өз кезегинде Азербайжандын президенти Ильхам Алиев келишимге кол коюуну Армениянын багынып бериши деп атады. Анын айтымында, келишим Баку үчүн эң пайдалуу. Мындан тышкары, аскерий баскыч аяктап, саясий маселелерге өтүүгө болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан