Стамбулдан Бишкекке жасалма паспорт менен учуп келген аял кармалды

12-ноябрда Стамбул-Бишкек авиакаттамы аркылуу учуп келген Ы.Н. аттуу аял жасалма паспорт менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"11-ноябрда ИИМдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграция менен күрөшүү кызматына Ы.Н. аттуу жаран С.А. деген атка алынган жасалма паспорт менен Стамбулдан учуп келери тууралуу оперативдик маалымат келип түшкөн. Маалымат "документтерди жасалмалоо" беренеси боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. 12-ноябрда Стамбул-Бишкек каттамынын жүргүнчүлөрүнүн документтерин текшерүү учурунда С.А. аттуу аялдын паспорту жасалма экени аныкталган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө аталган жаран Ы.Н. аттуу Жалал-Абад облусунун тургуну экендиги белгилүү болду. Кармалган аял паспортту мамлекеттик каттоо кызматынын Ош облусундагы бөлүмүнөн алгандыгын жана бул паспорт менен бир нече жолу Бишкек-Стамбул багыты боюнча учкандыгын билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Иликтөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан