Чүйдө базарларда уурулук кылып жүргөн деген шек менен мурда соттолгон жаран кармалды

Чүй облусунун Москва районунда ыкчам кызматкерлер жергиликтүү базардан уурулук менен алектенип жүргөн шектүүнү кармашты. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Москва районунун ички иштер органдарына июль айынан бүгүнкү күнгө чейин 6 жергиликтүү жашоочу арыз менен кайрылып, уюлдук телефондорун жана акча каражаттарын уурдап кеткен белгисиз адамга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранышкан. Жогорудагы фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Уурдоо фактысы боюнча жашоочулардын кайрылуусу көп болуп жаткандыктан милиция кызматкерлери жергиликтүү жашоочулар менен биргеликте бул аймакка кайгуул кылышкан. Натыйжада, шектүү катары Аламүдүн районунун жашоочусу 1987-жылы туулган А.Э. аттуу жаран кармалган. Ал мурда соттолгон.

"Азыркы учурда кармалган жаран ар түрдүү үлгүдөгү 5 уюлдук телефонду жана жалпы суммасы 58 миң сом жана 200 доллар акча каражатын уурдоого шектелүүдө. Учурда милиция кызматкерлери кармалган жарандын Чүй облусунун аймагында башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бар же жогун иликтеп жатышат. Сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат", - деп билдирди басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан