Буга чейин мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков Франциядан башпаанек сураганы тууралуу мурда журналисттик кесипти аркалап келген Улугбек Бабакулов социалдык тармактагы баракчасында жазып чыккан. Бирок бул маалымат тастыкталган эмес.
Ошондой эле мурдагы өкмөт башчынын кайда экенин анын жакындары дагы билбейт деген маалыматын КСДПнын мүчөсү Кундуз Жолдубаева билдирди.
Эске салсак, 14-октябрда Сапар Исаков менен мурунку мэр Албек Ибраимовго кылмыш иши козголгон. 26-октябрда Сапар Исаков менен Албек Ибраимовго эл аралык издөө жарыяланган. Буга байланыштуу Сапар Исаковдун жактоочулары анын кайда экенинен маалыматы жок экенин айтып келишет.
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында, соттолгон Салайдин Авазов, Дамир Мусакеев, Айбек Калиев түзөтүү мекемелерине кайтарылган. Ал эми Жантөрө Сатыбалдиев ден соолугунун начарлап кеткендигине байланыштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлеринин коштоосунда Улуттук кардиология жана терапия борборунда жатат.