super.kg logo

8 тонна күйүүчү майды Кыргыз өлкөсүнө мыйзамсыз алып кирген Тажик жараны кармалды

 

Чек арадан күйүүчү майды мыйзамсыз алып өткөн Тажик жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, Баткен облусунун Лейлек районунун Майты аймагында чек арачылар 1981-жылы туулган Н.Д. аттуу Тажик жаранынын башкаруусундагы КамАЗ унаасын токтотушкан.

"Жүк ташуучу унаа көзөмөл өткөрүү жайынан тышкары жол менен Кыргыз өлкөсүнүн аймагына кирип бара жаткан. Унааны текшерүү учурунда 8 тонна күйүүчү майлоочу май табылган. Ал эми айдоочуда күйүүчү майларды ташуу боюнча тиешелүү документтери болгон эмес. Мындан тышкары ал Кыргыз өлкөсүнө таандык жасалма мамлекеттик номурларын колдонгон.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган адам жана күйүүчү майлар кошумча иликтөө үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
16.11.2020. 14:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
394
Катталган:
18-02-2010
Соӊку аракети:
27-11-2020 16:07
Жынысы:
Белгисиз
+2
Койгулачы э наоборот тажикстанга алып кирет десенер.
16.11.2020. 14:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
81
Катталган:
01-01-2016
Соӊку аракети:
27-11-2020 22:26
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ордолуу Ош шаары
+1
Тажикистанга, Кыргызстандан мыйзамсыз кирип жаткан 8 жүз миң эмес, миллиондогон тонна күйүүчү майларды ким, качан кармайт?.
16.11.2020. 15:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3120
Катталган:
11-01-2017
Соӊку аракети:
27-11-2020 21:45
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бурулуп жатканда кармап алган окшойсунар карангыда, Кыргызстандан Тажикстанга кетет ГСМ. Элдер кыйынчылыкта турганда карап тура албайм, мен созсуз кайтып келем, жардам берем.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
155915;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: