Москвада коронавирус илдетине байланыштуу Ленин мавзолейи убактылуу жабылат

Москвада коронавируска байланыштуу Лениндин күмбөзү жабылат. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 17-ноябрдан баштап Москва Владимир Лениндин мавзолейине жана Кремль дубалынын жанындагы некрополиске зыяратчыларды кабыл алууну токтотот.
Буга чейин мавзолей жазында жабылган, бирок июль айында чектөөлөр алынып салынган. Апрель айында Москвада карантиндик чектөөлөргө карабастан, Орусиянын Коммунисттик партиясынын өкүлдөрү мавзолейге жана некрополиске Лениндин туулган күнүнүн 150 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүшкөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан