super.kg logo

Бишкекте унаасын жасалма номур менен айдап жүргөн айдоочу кармалды

 

Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан унаасын жасалма номур менен айдап жүргөн айдоочу кармалды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-ноябрь күнү болжол менен саат 21:00 чамасында Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып Лев Толстой жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинен Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү унааны жол эрежесин бузгандыгы үчүн токтотушкан.

Текшерүү учурунда 2001-жылы туулган Ю.Б. аттуу айдоочу өзүнүн унаасын мыйзамдуу номурун катып, башка жасалма номур менен айдап жүргөндүгү аныкталган.

Бул факты боюнча унаа айып төлөөчү короо жайына токтотулуп, ал эми айдоочуну Октябрь РИИБинин тергөө кызматына өткөрүп беришкен.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
17.11.2020. 09:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3120
Катталган:
11-01-2017
Соӊку аракети:
27-11-2020 10:23
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда штрафты минген машинасынын баасына карап салганда кандай болот эле э.
17.11.2020. 16:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
124
Катталган:
31-07-2017
Соӊку аракети:
27-11-2020 04:22
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан Ош
0
bond02,мазза болот эледа тез эле байлар озуно келип калат эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
155915;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: