Коңшу Казакстан Кыргыз өлкөсүнө коронавирус инфекциясы менен күрөшүү үчүн медициналык каражаттардан турган гуманитардык жардам көрсөтөт. Казакстандын президенти Касым Жомарт-Токаевдин тапшырмасынын негизинде 400 комплект өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат, казакстандык өндүрүштөгү бет каптан 2 миллион даана берилет. Бул тууралуу казак басылмалары жазып, аталган гуманитардык жардам Кыргыз тараптын расмий кайрылуусунан кийин көрсөтүлүп жатканын белгилешкен.
29-октябрда тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстандын тышкы иштер министри Аскар Мамин менен жолугушкан. Анда тараптар COVID-19 пандемиясынын жайылышына каршы туруу маселелерине өзгөчө көңүл бурушуп, коронавирустук инфекциянын кесепеттерин жоюу максатында министр Руслан Казакбаев муктаж болгон дары-дармектер жана жеке коргонуу каражаттары менен камсыз кылууда жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу өтүнүчү менен казак тарапка кайрылган.