Ошто баңгизаттарды мыйзамсыз сактоого жана сатууга шектүү жаран кармалды

Ошто баңгизаттарды мыйзамсыз сактоого жана сатууга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, баңгизаттардын оор түрүнө кирген героиндин ири партиясын сатып жаткан жаран кармалды. ОИИБинин атайын операциялар отрядынын күжүрмөн колдоосу менен Ош шаарынын аймагынан, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун жашоочусу 1984-жылы туулган Х.С. аттуу жаран кармалды.

Ал баңгизаттарды мыйзамсыз сактоого жана сатууга шектелүүдө. Мурда ээнбаштык иш-аракеттерин жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн. Кармоо учурунда ага өздүк кароо жүргүзүлүп, өзгөчө кескин жыты бар, кара жана жашыл түстөгү скотч менен таңгакталып баштыкка оролгон зат табылган. Экспертизанын корутундусуна ылайык, табылып алынган зат 2 килограмм 455 граммды түзгөн героин баңги заты экендиги аныкталды.

Аталган факты Жаза кодексинин 267-беренесинин 2-бөлүмү (Баңгизаттарды, акыл-эске таасир берүүчү каражаттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат. Ошондой эле кармалган жаран Х.С. башка факты боюнча шектүү катары жүргөн жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан