Америкалык 54 жаштагы мушкер Майк Тайсон мушкер Рой Жонс менен болгон беттешинин алдында спорттук кийимин кийип түшкөн сүрөтү күйөрмандарын кубантты. Бул тууралуу мушкер өзүнүн инстаграм баракчасына жарыялаганын басылмалар жазып чыгышты.
Боксчунун күйөрмандары Тайсондун дене түзүлүшүнө суктанышып, "Оюндагы легенда!", "Алга, чемпион!", "Кош бол, Жонс!", "Падыша!"- деген комментарийлерди калтырышкан.
Буга чейин Тайсон 51 жаштагы Жонс менен көргөзмө мушташ өткөрөрү тууралуу маалымдалган.
Мушташтан түшкөн каражат кайрымдуулукка жумшаларын айтышкан.
Боксчу Тайсон 2005-жылдан бери мушташкан эмес. Анын эсебинде 58 мушташ болуп, анын 50сүндө жеңишке жеткен.