Бишкектеги Асанбай кичи районунда 39 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылды. Маркумдун сөөгүн жылуулук түтүгү өткөн кудуктан аныкташканын ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
"1981-жылы туулган Ж.А. аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылып, куткаруучулар маркумдун жансыз денесин кудуктан чыгарышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти. 5 куткаруучу тартылган", - дешти мекемеден.