Кечээ, 17-ноябрда Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Ак-Мечит айылындагы мечитте өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрттөн жабыркагандар жок.
"Сузак районуна караштуу Ак-Мечит айылындагы Хайткулов көчөсүндө жыгач устундуу тунуке жабылган мечиттин 240 чарчы метр аянты күйүп кеткен. Ал эми өрт саат 16:35те толугу менен өчүрүлгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда", - деп билдирди ӨКМдан.