super.kg logo

Көпчүлүк аймактарда кар жаайт. 20-ноябрга карата аба ырайы

 

Эртең, 20-ноябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас, Ош, Баткен облустарынын тоолуу аймактарында кар жаайт, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө, Талас, Ош, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү ыктымал. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…-7;

Талас жергесинде түнкүсүн -14...-19, күндүз -5…-10;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -7…-12, күндүз -1…-6;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…+4;

Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -21…-26, күндүз -10…-15 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -12…-14, күндүз -5…-7 градус болот.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
155727;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: