super.kg logo

Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу кыш мезгилинде калк электр энергия жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздалышы керек экендигин айтты

 

Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Артём Новиков кыш мезгилинде калк электр энергия жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздалышы керек экендигин айтты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 19-ноябрда күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча республикалык штабдын кеңешмеси өттү.

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары күз-кыш мезгилинен өтүү маселесин үзгүлтүксүз көзөмөлдө каралышы кажет. Буга катар орнотулган лимиттин алкагынан тышкаркы электр энергиясын пайдаланууга чек коюлушу керек. Эч кандай электр энергиясын өчүрүү болбошу керек. Бизде кышты авариясыз өтүүнү камсыздоо үчүн энергоресурстар жетиштүү. Акыркы мезгилдеги авариялык өчүрүүлөр боюнча статистика түйшөлтүүдө. Энергетикалык компаниялардын жетекчилери аталган маселени чечүүгө басым жасашы керек. Калкыбыз электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашынан жабыркабашы керек", - деди ал.

Новиков өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жылытуу мезгилине даярдыгы боюнча маалыматын укту.

"2020-жыл оор болгонун баарыбыз түшүнүп турабыз. Акыркы окуялар республикалык бюджетти оңдоп-түздөө зарылчылыгына алып келди. Жылытуу мезгилин өткөрүү боюнча чыгымдарды каржылоо 90 пайызга аткарылды. Каражаттын калган бөлүгү ушул жылдын аягына чейин план боюнча которулат. Демек, каржылоонун жетишсиздиги жөнүндө маалымат орунсуз. Учурда бизден бир гана нерсе талап кылынат - күз-кыш мезгилин кыйналбай өткөрүү. Калк өкмөт кышка даяр экендигин так түшүнүшү керек", - деп премьер министрдин милдетин аткаруучу сөзүн жыйынтыктады.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
155727;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: