super.kg logo

ИИМ: "Октябрь окуялары боюнча тергелип жаткан иштерди саясатташтырууга негиз жок"

 

Акыркы мезгилдерде жалпыга маалымдоо каражаттарында Конституциянын кайра иштелип чыгышы, парламенттик жана президенттик шайлоонун датасы жөнүндө ой-пикири бар эл депутаттарына карата укук коргоо органдары кысым көрсөтө баштады деген маалыматтар жарыяланууда. Бул боюнча ИИМ төмөндөгүлөрдү билдирет деп жазылат маалыматта.

"5-6-октябрь күндөрү шайлоонун жыйынтыгына каршы элдик толкундоо башталып бийлик алмашылган. Ушул окуялар жана фактылар боюнча Жазык кодексинин бир нече оор беренелери боюнча кылмыш иштери козголгон. Учурда Ички иштер министрлиги тергөө, издөө, иликтөө иштерин колго алып сотко чейинки өндүрүш ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат. Ошонун алкагында суракка чакырылчу адамдардын тизмесинде бир топ жарандар бар.

Алардын арасында коомдук ишмерлер, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана башка жарандар да бар. Тергөөнүн купуялуулугуна байланыштуу азырынча көп нерсени айтууга жана ачыктоого мүмкүн эмес. Суракка чакырылгандарга тергөөнүн суроолору бар. Тергөөнүн шартына, мыйзамга ылайык тиешелүү кишилерди сурап, анан акыйкат жыйынтык чыгарыш керек. Октябрь окуяларынын жүрүшүндө окуяларга катышкан, аны билген, ал окуяларга аралашып жүргөндөр тууралуу бизде ыкчам маалыматтар бар.

Ошого байланыштуу ИИМдин тергөө кызматы күбө катары гана сурап жатат. Суракка чакырылгандардын арасында азыркы сунушталып жаткан Конституцияны колдогондор деле бар экендиги белгилүү, ошол себептүү Октябрь окуялары боюнча тергелип жаткан иштерди саясатташтырууга негиз жок экендигин белгилейбиз", - деп жазылат маалыматта.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
155727;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: