super.kg logo

Аралыктан окутууну талдоонун жыйынтыгында Бишкектеги 26 мектеп эң жогорку деңгээлди көрсөттү

 

Октябрь айында мэриянын билим берүү тармагындагы адистери так жана гуманитардык багыттагы предметтер боюнча Бишкек шаарындагы мектептердеги дистанттык окутууда мамлекеттик стандарттын аткарылуусун текшеришти. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Дистанттык окутууну талдоо төмөнкү багыттар боюнча жүргүзүлдү:

1.Билим берүү мекемелеринин ченемдик укуктук документтери;

2. Окуу процессин окуу-методикалык жактан камсыздоо;

3. Окуу процессин ресурстук камсыздоо;

Жыйынтыгында аралыктан билим берүү боюнча мектептер төрт категорияга бөлүндү:

• 26 мектеп аралыктан билим берүүнүн "эң жогорку" деңгээлин көрсөттү;

• 40 мектеп аралыктан билим берүү боюнча "жакшы" деген көрсөткүчтө;

• 18 мектеп орточо деңгээлде;

• 2 мектеп начар деңгээлин көрсөттү;

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында 97 мектеп бар, анда жалпысынан 7 миң 200 мугалим эмгектенет. 87 бала бакча бар, 1 миң 370 тарбиячы эмгектенет.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
155727;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: