super.kg logo

Жалал-Абад облусунда транспорт каттамдарын туруктуу камсыздоо максатында 7 миң 439 тонна кум жана туз камдалган

 

Кыш мезгилинде Жалал-Абад облусунда транспорт каттамдарын туруктуу камсыздоо максатында 7 миң 439 тонна кум жана туз камдалган. Бул тууралуу облустук администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ош-Бишкек унаа жолунун Жалал-Абад облусу аркылуу өткөн 589 чакырымын жалпы төрт жол тейлөө ишканасы карайт. Бул жолдо күнүнө болжолдуу 11 миңге жакын унаа каттайт. Кышкы тейлөөгө жалпы 37 жол тазалоо техникалары даяр болгон. Коопсуздук чараларын камсыздоодо жолдогу жана негизги ашуу участкаларында тазалоо иштери үзгүлтүккө учураган жок.

Облус боюнча автожолдордун узундугу 16 миң 465 чакырымды түзөт. Жалпы пайдалануудагылары 3 миң 362 чакырым. Алар эл аралык, мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги жолдор. Облустун аймагында 12 жол тейлөө ишканасы иш алып барат.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 1 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 1) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
155727;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: