super.kg logo

Талант Мамытов октябрь окуяларында жабыркаган жарандар менен жолугушту

 

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 20-ноябрда октябрь окуяларында жабыркаган жарандар менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу менен болгон жолугушууга ар кандай даражада жаракат алган жаштар Рыскелди Табышбек уулу, Талант Бейшеев, Уларбек Нурлан уулу катышты.

Талант Мамытов бийликтин адилетсиз саясатынын аркасында өлкөдө үчүнчү элдик толкундоолор жаралып, ага жарандардын парламенттик шайлоонун жыйынтыгына макул эместиги негизги себеп болгонун өкүнүү менен белгиледи.

Президенттин милдетин аткаруучу жарандардын ден соолугу менен өмүрү кайсы гана бийликтен болбосун кымбат турарын баса белгилеп, мындай окуялар мындан ары өлкөдө кайталанбай тургандыгына үмүт артарын билдирди.

Азыркы тапта жарандар өзгөрүүлөрдү күтүп жаткандыгын, ага байланыштуу конституциялык реформа башталганын белгиледи.

"Баш мыйзамга байланыштуу маселелерге максималдуу түрдө тыкыр мамиле кылуу зарыл. Андыктан коомчулуктун ар кыл чөйрөсүнүн өкүлдөрү кирген кеңири курамдагы Конституциялык кеңешме түзүлдү", - деп айтты Талант Мамытов.

Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу жолугушуунун катышуучуларына материалдык жардам көрсөтүп, аларга бекем ден соолук, бакубат турмуш каалады. Ар дайым алар менен жолугушууга ачык экенин белгиледи.

Өз кезегинде октябрь окуяларында жабыркагандар Талант Мамытовдун мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалап, өлкөнүн мындан аркы өнүгүшүнө байланыштуу пикирлери менен бөлүштү. Ошондой эле жеке мүнөздөгү маселелерин да билдиришти.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
155727;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: