Боом капчыгайында таштар кулап, унаа жолду тосуп калды. Бул тууралуу интернет колдонуучу кабарлап, жериндеги көрүнүштү видеого тартып алды.
Анда автор таштар бир нече мүнөт мурда кулаганын, айдоочулар, жүргүнчүлөр жолду тазалоо иштерин баштаганын айтат. Ошондой эле интернет колдонуучу жолго чыккан айдоочуларды этият болууга чакырып өттү.