Бишкектеги "Ош базарынын" айланасында аба булганычы нормасынан дээрлик 6 эсе ашып кетти

Тектеш кабарлар: Бишкекте абанын булганышы чектен ашып жатат (124 материал)

Бүгүн, 25-ноябрда саат 09:20га карата Бишкектеги "Ош базарынын" айланасында аба булганычы нормасынан дээрлик 6 эсе ашып кетти. Мындай жыйынтыкты көрсөткөн маалыматты "МувГрин" жаштар кыймылынын интернет баракчасынан көрүүгө болот.

Маалыматка ылайык, Бишкектин бир нече жерине аба булганычын ченөөчү жабдыктар орнотулган. Жабдыктардагы маалыматтарды Эйрказ.орг сайтынан онлайн түрүндө көрүп турууга мүмкүн.

Москва-Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде учурдагы көрсөткүч - 141 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч – 230). Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунда орточо эсеп менен куб метрге 25 микрограмм болгон көрсөткүч норма катары саналат.

Чыгыш-5 кичи району – 33 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 58).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан