Бишкекте алдамчылыкка шектелип 35 жаштагы аял кармалды. Ал таанышынан валюта биржасы аркылуу киреше табуунун убадалап, акчасын алып кеткен бойдон из жашырып жүргөнүн Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, 13-ноябрда Свердлов РИИБине шаар тургуну арыз менен кайрылып, чала таанышына карата чара көрүүнү суранган.
"Арыздануучу Э. аттуу чала таанышы валюта биржасы аркылуу киреше табууну убадалап, 1 миң 500 доллар акчасын алып, дайынсыз болуп кеткенин айткан.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине 204-берене (алдамчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 1985-жылы туулган Э.Э. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда шектүүнүн мындан башка да кылмыш иштерине катышыгы бар же жок экендигин аныктоо боюнча иштер улантылып жатат", - дешти мекемеден.
Милиция кызматккерлери сүрөттөгү жарандан жабыркагандар болсо, 102ге же төмөнкү номерлерге байланышып коюуну өтүнөт.
Байланыш номерлери: 0552 102-542, 0707 110-115.