super.kg logo

Башкы прокуратуранын өрттөнүп кеткен имараты боюнча чечим кабыл алынды

 

Шаар мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев өрттөнүп кеткен Башкы прокуратурасынын ордунда долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүүгө каражат бөлүү жөнүндө буйрук чыгарды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жакынкы аралыкта техникалык корутундуга жана шаар куруу документтерине ылайык долбоорлоо иштерин жүргүзүүгө тендер жарыяланат.

Белгилей кетсек, имарат борбордук мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансында. Муниципалдык мүлк башкармалыгынын арызы боюнча өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо институтунан ушул имараттын курулуш конструкциясынын учурдагы абалы жөнүндө техникалык корутунду алынды.

Эскерте кетсек, Башкы прокуратурасынын Орозбеков жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан мурдагы имараты 2010-жылдагы апрель окуялары учурунда өрттөнүп кеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
159281;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: