Эмгек жолун 1963-жылы Суусамыр өрөөнүндөгү 8-март, Каракол башталгыч мектептеринде мугалим болуп иштөөдөн баштаган.
1969–1990-жылдары Жумгал районунун Жумгал, М.В.Фрунзе атындагы орто мектептерде тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары, директор;
1990–2006-жылдары Жайыл районунун Түркмөн атындагы орто мектебинде математика мугалими, “Кыргыз туусу” гезитинин штаттан тышкаркы кабарчысы болуп иштеген.
1987-жылы “Эмгек ардагери” медалы, 1993-жылы “Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги” төш белгиси берилген.
Ал Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин авторлорунун бири болуп, 1994-жылы “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” наамы берилген.