Поэтерапия: "Акынсыңбы же юристпи?" – дебегин, эң башкысы элге тийсин керегим"

Тектеш кабарлар: Поэтерапия рубрикасындагы ырлардын топтому (67 материал)
SUPER.KG порталынын "Поэтерапия" рубрикасынын бул жолку коногу Марлэн Матназаров. Ал 1998-жылдын 12-январында Ош облусунун Кара-Суу районунда туулган. Жаш калемгер “Кара-Суудагы койчумандан он эки баян” аталышындагы кыргыз-англис тилдериндеги жомоктор жана аңгемелер жыйнагынын автору. Президенттик “Үмүт” стипендиясынын ээси. Бул жылы Кыргыз Мамлекеттик юридикалык университетинин Адвокатура жана юстиция институтун аяктады. Азыркы тапта Борбордук Азиядагы Америка Университетинде “Юриспруденция” багыты боюнча магистратурада билим алып жатат. Жаш калемгер прозадан сырткары, поэзия жаатында да эмгектенет. Марлэн өзүнүн калемине таандык ырларынын жаралуу тарыхы боюнча айтып берди.

Юристтин жаңы мыйзамы

"Акынсыңбы же юристпи?" – дебегин,
Эң башкысы элге тийсин керегим.
Юристмин деп жазбай коюп ырларды,
Чанмак белем?, акындык Кудай белегин.

Четке кагып багыт тандоо көйгөйүн,
Эң башкысы бакыт жолун көздөйүн.
Буга мисал, Мырза аттуу жигиттин,
Маселесин чечкенимди сөздөйүн:

Окуп берсем чын сүйүүнүн ырларын,
Каны чыкты жүрөгүнөн Мырзанын.
Жалган сүйүү кылмышыны жоём деп,
Мен ошондо жаздым сүйүү мыйзамын.

Жүргөндөр көп, ак сүйүүнү каралап,
Түгөйүнүн жаш жүрөгүн жаралап.
"Аппак сүйүү" беренеси боюнча,
Андайларды соттоо керек, жазалап!

“Юристтин жаңы мыйзамы” деген ырдын жазылып калуусунун себеби, өзүм юриспруденция тармагында билим алгандыктан, көпчүлүк адамдар “Эмнеге юрист болуп алдың? Сен журналистика же кыргыз тили жана адабияты боюнча кетишиң керек эле.” – деген суроолорун беришип, сын-пикирлерин айтышат. Бирок, бул нерсе мага анча жага бербейт. Ошондуктан ушул ырды жооп катары жаздым.

ЭКГ

Медицина илимин алга алпарат,
"Рентген", "УЗИ", "ЭКГ" деген аппарат.
Жүрөгүмдүн согушун көргүм келгенде,
Төрт бурч экран – ЭКГ кызмат аткарат.

Уйкум качып, бузулганда түштөрүм,
Доктор айтты: "ЭКГга түш, көрүн".
Көрүнгөндө карап турдум тамшанып,
Сызыктардын өйдө-ылдый түшкөнүн.

Өйдө-төмөн жашоодо жашап көнгөнүм,
Мен экрандан жыландай сызык көргөнүм.
Бекер тамак, тегиздик күтсөм тагдырдан,
Түптүз сызык – денем бар, бирок өлгөнүм.

Бул ырда аталышы айтып тургандай, медициналык документтерди чогултуп жүрүп, “ЭКГ”га түшкөнү баргам. Барганымда, ошол жердеги жүрөгүмдүн согушун тарткан доктор ийри сызыктар түшүрүлгөн кичинекей кагазды колума карматты. Кагазды карап олтуруп, жашоону элестетип, ийри сызыктарды жашоонун өйдө-төмөн күндөрүнө салыштырып жазууга аракеттендим.

Көлдөгү сүйүү

Ак сүйүүнүн кенен жолу тарайып,
Жол түгөндү, демек бизде бар айып.
Бирок айып көрүнбөйт, анын себеби,
Ак сүйүүбүз кеткен эчак карайып.

Сен жана мен алгачкы түн кечесин,
Тоскон элек жасап сүйүү кемесин.
Бирок эми, ошол турган кемеден,

Көрүп калдык жөргөмүштүн желесин.

"Сүйөм" сөзүн улам айта жарышып,
Бирге болдук сүйүү отун чачышып.
Бирок азыр, экөөбүздүн сүйүүбүз,
Көл түбүндө жатат жерге жабышып.

Ал эми, бул ырдын тарыхына токтолсом, негизи менин ашыктык күндөрүм көлдө өткөн эмес. Жөн гана ошол күндөрдүн артта калгандыгын көлдүн образында, андагы кеменин жардамы менен бергим келген. Бирок, ырдын өзү көлдө жазылган. Көлдө десем, көл жээгинде олтуруп, айланага суктанып эмес, бир иш-чарада жазганмын. Ошондуктан, менин оюмча ыр бир гана табияттын кучагында эмес, ар түрдүү абалдарда да жаралышы мүмкүн.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
NURSAPAR
2020-11-26 09:42:08
Азаматсың иним өнөрүң өркүндөй берсин!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан