Акыйкатчы Конституциянын долбооруна экспертиза жүргүзүү өтүнүчү менен Венециялык комиссияга кайрылды

Акыйкатчы Токон Мамытов Конституциянын долбооруна экспертиза жүргүзүү өтүнүчү менен Венециялык комиссиянын төрагасы Жанни Букиккиого кайрылды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кайрылууда акыйкатчы эл аралык комиссияга учурдагы кырдаалды баяндап, конституциялык кеңешменин алып барып жаткан иштери менен тааныштырды.

"Ушул жылдын 17-ноябрында Жогорку Кеңештин расмий сайтында Конституциянын жаңы долбоору коомдук талкууга коюлду. Долбоордун демилгечилеринин айтымында, октябрь айындагы толкундоолор учурдагы Конституциянын эффективдүү эмес экендигин көрсөтүп, айрым мүчүлүштүктөрдү ачыктады. 20-ноябрда түзүлгөн конституциялык кеңешме иш жүргүзүп жатканын эске алып, бул долбоорго эл аралык экспертиза жүргүзүлүүсүнө көмөк көрсөтүшүңүздү суранам", - деп жазылган кайрылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Ryokan
2020-11-27 16:44:55
Туура эмеско дейм кайрылганы
0
shergazy9
2020-11-27 19:20:06
Ошол жакка эле кочуп кеткилечи ушундай эле акыйкат ал жакта болсо
0
Chungyz
2020-11-28 06:08:59
Элге кайрылсанар биз озубуз карап чечип беребиз
0
NURSAPAR
2020-11-28 09:33:46
Бекер кылыптыр да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан