Эртең, 29-ноябрда АКШнын Калифорния штатындагы Карсон шаарында Бишкек убактысы боюнча саат 08:20да бокс тарыхында мыкты америкалык мушкерлер Майк Тайсон жана Рой Жонс беттешет. Тарыхта калчу бул эки мушкердин беттешин SUPER.KG порталынан онлайн окусаңыздар болот.
Майк Тайсон өзүнүн акыркы беттешин 2005-жылы өткөргөн. Анда ал ирландиялык мушкер Кевин Макбрайдга жеңилип калган. Ал карьерасында жалпы 58 беттеш өткөрүп, анын 50сүндө жеңүүчү аталган.
Ал эми 51 жаштагы Рой Жонс акыркы беттешин 2018-жылы Скотт Сигмонго каршы өткөрүп, калыстардын чечими менен жеңүүчү аталган. Жалпы карьерасында ал 77 беттеш өткөрүп, анын 66сында жеңүүчү аталган.