super.kg logo

Жалал-Абад шаарында жаңы мектеп имаратынын пайдубалына капсула салынды

 

Бүгүн, 29-ноябрда Жалал-Абад шаарында ири долбоордун курулушу башталды. "Ассанабил" кайрымдуулук фонду тарабынан Спутник аймактык башкармалыгынын Р. Азимов көчөсүнө социалдык объектилерди куруу иши колго алынып, мектеп имаратынын пайдубалына капсула салынды. Бул тууралуу Жалал-Абад шардык мэриясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, ага өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Нуртилек Орозбаев баштаган калаа бийлиги, шаардык кеңештин төрагасы Адилбек Жоробаев, бир катар жергиликтүү эл өкүлдөрү, аталган кайрымдуулук фонддун жетекчиси Саид Баюми жана шаар тургундары катышкан.

"Ассанабил" фонду тарабынан бул аймакка мектеп, бала бакча, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, мечит жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө турак-жай салынат. Бардык заманбап шарт түзүлүп, 1,25 гектар жер аянты өзүнчө шаарчага айланат. Курулуш иштерин толугу менен бир жыл ичинде бүткөрүү пландалууда. Узаган аптада жергиликтүү кеңештин депутаттары чукул убакытта сессияга чогулуп, жер аянтын бөлүп берген. Шаар бийлиги долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон бардык аракеттерди көрүүдө", - деди маалымат катчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
159829;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: