"Аны жок дегенде үй абагына чыгарышсын". Жогорку Соттун алдына Атамбаевдин тарапташтары чогулду

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Жогорку Соттун алдында акыйкат чечимди талап кылган митинг өткөрүшүүдө.

Бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Сотто Батукаевдин кылмыш иши боюнча Алмазбек Атамбаевдин соту өтүп жатат. Ал эми сот имаратынын алдында экс-президенттин тарапташтары сот адилеттүү чечим чыгаруусун талап кылып турушат. Нааразчылык акциясына 50дөй адам катышууда.

"Сот иштери буга чейин адилетсиздик менен болуп келди. Аны куугунтуктоо соту деп эсептейбиз. Эми бийлик өзгөрдү, башка кишилер келди. Биз алардан акыйкаттуулукту талап кылабыз, соттун адилеттүү чечим чыгаруусун талап кылабыз. Алмазбек Атамбаевдин жок дегенде, ден-соолугунун абалына байланыштуу үй абагына чыгарышсын. Бул жерде саат 13:30дан бери соттун чечимин күтүп турабыз. Сот адилеттүү чечим чыгармайынча нааразычылыгыбызды түнгө чейин уланта беребиз", - деди митингге катышкандардын бири Сайракан Мукамбетова.

Алар сот акыйкат чечим чыгарсын деген талап менен митинг өткөрүшүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
jalgyzymsyn
2020-11-30 18:59:31
Үй камагына чыгаргыла, актагыла. Карызга кайра отургуза берсин биз толойбузго.
+2
Muratmipa
2020-11-30 21:04:00
Кустуруп туруп чыгара берсин
0
Scorpion_09
2020-11-30 22:58:05
Садыр Жапаровду,Атамбаев каматканда кайда эленер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан