super.kg logo

"Жөн эле акчаны алып жатышат, алардын таптакыр кереги жок". Китепканаларды жоюп салууну сунуштаган депутат айтканына түшүндүрмө берди (видео)

 

Бүгүн, 30-ноябрда Ош шаарында шаардык кеңештин кезектеги сессиясы өттү.

Жыйын учурунда Ош шаардык кеңешинин депутаты Абдисаит Каримбеков китепканалардын кереги жок экенин айтып, жоюп салууну сунуштаган. "Бүгүнкү күндө шаарда китепканалардын таптакыр кереги жок. Алар жөн эле акчаны, бюджетти алып жатат. Ушундай ишканалардын бүт баарын жоюп койсоңуз туура болмок. Мамлекеттин акчасын жеп, элден топтоп алабыз, кайра эле ушундай туура эмес багытка кетип калган, калыптанып калган системалар бар. Ошону чечкиндүүлүк кылып жоюп салыш керек", - деген ал шаар мэрине кайрылып жатып. Ал эми калаа башчысы Таалайбек Сарыбашов шаардык кеңештин депутатынын айтканына макул болбой, анын сунушун четке каккан.

Бул боюнча Ош шаардык мэриясына байланышканыбызда, маалымат катчы Азамат Абсатаров шаардык кеңештин депутаты айткан пикири боюнча түшүндүрмө бергенин билдирди.

"Ал учурда мен жалпы мамлекеттик органдарды оптимизациялоо боюнча, ошол эле убакта мамлекетке чыгым берген ишканалар боюнча сунуш бергенмин. Себеби айыл, райондордо китепкана деген аты бар, айлык алышат бирок, эч кандай кызматы жок. Бул "жаңылайлы"- деген мааниде айтылган. Ошондуктан урматтуу достор, сиздер туура түшүнүңүздөр, мен агартуу тармагына колдоо көрсөткөн эле депутаттарданмын. Өзүм да илимий чөйрө менен алектенип жүрөм", - деп билдирген Каримбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
159281;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: