Швецияда 30 жыл бою баласынын эркиндигин чектегенге шектелип 70 жаштагы аял кармалды

Швециянын Стокгольм шаарында 30 жыл бою баласынын эркиндигин чектеп келгенге 70 жаштагы аял айыпталып, кармалды. Бул жөнүндө дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 70 жаштагы Стокгольм шаарынын жашоочусу баласын 12 жашынан бери сыртка чыгарбай, дээрлик 30 жылга жакын үйүндө кармап, эркиндигин чектеп келген. Азыркы учурда ал 41 жашта.

"70 жаштагы аял ооруканага түшүп, мындан улам анын жакын тууганы үйүнө барып, эркек кишини көрүп корккон. Анын бутунда жаракаты болгон, ошондой эле араң сүйлөп, басууга алы келбегенин айтып берген.

"Тез жардам" кызматы аны ооруканага алып барган. Ал эми 70 жаштагы аял баласына кимдир-бирөө коркунуч жаратканынан улам сыртка чыгууга тыюу салганын билдирген. Ал эми полиция кызматкерлери иликтөө иштерин улантууда", - деп жазылат маалыматта.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан