Мурунку тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.
"Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койгон жарлыкка ылайык, Айдарбеков Чыңгыз Азаматович берген арызынын негизинде Кыргыз Республикасынын президентинин кеңешчиси кызмат ордунан бошотулду", - дешти мекемеден.
Чыңгыз Айдарбеков 22-октябрда президенттин стратегиялык тышкы саясий жана инвестиция маселелери боюнча кеңешчиси болуп дайындалганы маалымдалган.