Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Конституциялык палатанын имаратынын алдына митингге чыкты. Ал жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдум өткөрүлбөшүн талап кылууда.
Активист "референдум болбосун", "өлкөнүн тагдырына балта чаппа", "Конституция буйлаланган төө эмес" деген жазууларды көтөрүп алган.
Белгилей кетсек, бүгүн, 2-декабрда Конституциялык палата Клара Сооронкулова, Таалайбек Усубалиев жана Нурбек Касымбековдун арызын карайт. Арызда 22-октябрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган "президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча" мыйзамдын айрым нормаларын убактылуу токтотуу тууралуу чечими мыйзамсыз болгону айтылган.