Франциянын атактуу "ПСЖ" футбол академиясынын Түркиядагы филиалынын өкүлдөрү Канттын "Абдыш-Ата" клубу менен келишим түзүп, өздөрүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүү үчүн келишти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, "Абдыш-Ата" клубуна "ПСЖ" футболдук клубунун Түркиядагы аймактык директору жана техникалык директору келишкен. Алар канттык клубдун жаш оюнчуларынын оюнун баалап, машыктырышат.
Мындан тышкары, "ПСЖ" клубунун өкүлдөрү үч күн бою Абдыш-Ата футболдук мектебинин жергиликтүү машыктыруучуларына тренинг өтүп, машыктырышат.